Ырчы Чолпонайдын концерти кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын аткаруусундагы ыр менен аяктады (Фоторепортаж)
“Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча «2013-жылдын супер ырчы айымы» наамынын ээси Чолпонайдын алгачкы жеке концертин берди


“Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча «2013-жылдын супер ырчы айымы» наамынын ээси Чолпонайдын алгачкы жеке концертин берди

Ырчы Чолпонайдын концертиндеги сахнанын экинчи кабаты жана жарык берүүлөр көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартуулады

Ырчы Чолпонайдын концертинде "We`ll be" бий тобунун бийчилери дээрлик бардык чыгармаларда өз өнөрлөрүн тартуулашты

Чолпонай алгачкы жеке концертин берип жатканын айтып кубанганын, толкунданганын жашырган жок

"We next" бийчилер тобу концертте бий кыймылдарынын, кийимдеринан оригиналдуулуугу менен эсте калды

Ырчы Чолпонай "жеке концертимди уюштурууга көмөк көрсөткөндөргө, өзгөчө Эрнис Уметалиевге ыраазычылык билдирем" дейт

"Көпчүлүккө Фарида деген ат менен таанылдым. Кайсы жакка барбайын "Доорон кайда? деген суроо узатышат. Сиздерде да ушундай суроолор болушу мүмүн. Дооронду сахнага чакырам" деп Самат менен Эмил алпаруучулук милетин аткарарын айтты.

"До+Фа" шоу концертинде алпаруучулар, тамашоучу Эмил менен Самат куйкум тамашалары менен көрүүчүлөргө мыкты маанай тартуулашты.

Чолпонайды куттуктап ырчылар Назгүл Токтакунова менен Алмаз Адамалиев жагымдуу музыкалык чыгарма тартуу кылышты

Чолпонайды куттуктап ырчылар Назгүл Токтакунова менен Алмаз Адамалиев жагымдуу музыкалык чыгарма тартуу кылышты

Рэперлер Бегиш менен Баястандын концертте аткарган чыгармасы жаштардын көңүлөн түнөк тапты

“Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча «2013-жылдын супер ырчы айымы» наамынын ээси Чолпонайдын алгачкы жеке концерти менен куттуктап ырчы Мирбек Атабеков "Жаным" аттуу чыгармасын аткарууда.

Ырчы Чолпонай жаштар үчүн заманбап концерт таруулап, орус, кыргыз тилиндеги ырларын аткарды.

Ырчы Чолпонайдын концертинде кыздар "Гоу-гоу" бийин бийлеп турушту

Чолпонай менен Арсен "До+Фа" тасмасына саундтрек жазылган ырды аткарып жатканда, клиптен үзүндүлөр көрсөтүлүп жатты.

Ырчы Арсен "До+Фа" тасмасын кыргыз кино индустриясындагы жаңычылдык болоруна ишенем" дейт

"До+Фа" тасмасына саундтрек ырчы Арсен менен Илиманын аткаруусунда жаңырды

"Non stop" дуэти концертти шаңга бөлөдү


Кыргыз эстрадасынын жылдыздарынан трио ырчылар Арсен, Алмаз Адамалиев жана Айбек Замирбек уулунан түзүлдү

“Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча «2013-жылдын супер ырчы айымы» наамынын ээси Чолпонай "Классташым" аттуу ырын аткарууда

Чолпонай "Классташым" аттуу ырын аткарып, көрүүчүлөрдүн эсине окуучулук күндөрдү эске салды

Кыргыз эстрадасынын жылдыздарынан түзүлгөн квартет: Ырчылар Чолпонай, Неля, Назгүл Токтакунова жана Кундуз Канатбек кызы "Кыргызымдын кыздары" аттуу ырды аткарышууда.

Ырчы Чолпонайды куттуктап КРнын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова келди.

Ырчы Чолпонай менен КРнын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулованын аткаруусундагы жагымдуу чыгарма "We next" бий тобунун коштоосунда.

КРнын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова ырчы Чолпонайга ийгилик каалап, "Сени тарбиялап өстүргөн апаңа ырахмат айтам" деди.

Ырчы Чолпонай менен КРнын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулованын аткаруусундагы жагымдуу чыгарма "We`ll be" бий тобунун коштоосунда.

Ырчы Чолпонайдын концертинде кызыктуу оюндар ойнотулуп, белектер берилди. Ошондой эле Военно-Антоновкадагы балдар үйүнө жаңы жылдык белектер тартуу кылынды.

Концерттин соңунда үй-бүлөсү, жакын туугандары менен.
Бишкекте бүгүн, 26-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча «2013-жылдын супер ырчы айымы» наамынын ээси Чолпонайдын алгачкы жеке концерти ырчы тарбияланып, сахнага багыт алган "Ак шоола" балдар хорунун жана кыргыз эстрада ырчыларынын аткаруусундагы жагымдуу "До+Фа" ыры менен аяктады. Ырчы Чолпонай "Концерт мен үчүн жомоктогудай бат өттү" деп алгачкы тушоо кесүү концертин жыйынтыктады.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: Айпери Ганыжан кызы
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
5

http://www.super.kg/kabar/news/45061/
которуло берсин танышы бардын баары эле которулуп жатпайбы.