super.kg logo

Израиль Батыш жээктеги операциясы дагы уланарын билдирди

 

Израиль аскерлеринин Иордан дарыясынын Батыш жээгинде жүргүзүп жаткан согуштук операциясы дагы бир нече күнгө, балким андан да узакка созулушу мүмкүн. Бул тууралу аскердик ведомствонун өкүлү Элла Вавейя билдиргенин "Анадолу" агенттиги жазды.

"Операция коопсуздук максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон убакытка чейин уланат, демек биз дагы бир нече күн, керек болсо андан да көп согушту көрүшүбүз мүмкүн", - деди Вавейя.

Израиль армиясы 28-августтун таңында Иордан дарыясынын Батыш жээгинде акыркы жыйырма жылдагы эң ири аскердик операциясын баштап, натыйжада 17 палестиналык набыт болду.

Израиль армиясы операциянын максаты Батыш Шерианын түндүгүндө жарылуучу түзүлүштөрдүн коркунучун алдын алуу экенин билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Израилди Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги аскердик операциясын дароо токтотууга чакырды.

"Мен адамдардын, анын ичинде балдардын өмүрүнүн кыйылышын кескин айыптайм жана бул операцияларды дароо токтотууга чакырам",- деди ал.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел дагы "Газадагы согуштун жайылып кетүүсүн алдын алууну" эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: