super.kg logo
  Саясат  

Президент Сапаралиевдин ордуна Машиевди сунуштап, аны парламент комитети жактырды

 

Бүгүн, 2-сентябрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда Медер Машиевдин талапкерлигин жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна дайындоого макулдашуу үчүн президенттин сунушу каралды.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна Медер Машиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө мамлекет башчысынын сунуштамасын тааныштырды. Ошондой эле ал президент мурда сунушталган Азис Сапаралиевдин талапкерлигин чакыртып алганын билдирди.

Талкуунун жыйынтыгында комитет сунуштаманы жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

Эске салсак, 26-июнда президент Садыр Жапаров жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевди кызматынан бошоткон.

Анын ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Азис Сапаралиев дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: