super.kg logo

АКШда Венесуэла президентинин учагы конфискацияланды

 

Америка Доминикан Республикасында Венесуэланын президенти Николас Мадуронун учагын конфискациялап, Флоридага жеткирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, президенттин учакты сатып алышы АКШнын санкцияларын бузган жана башка кылмыш иштери менен байланышы бар.

"Кылмыш иштери боюнча чет элдик мамлекет башчынын учагын конфискациялоо эч жерде болбогон нерсе. Биз ачык билдирүү жөнөтөбүз: эч ким мыйзамдан жогору эмес, эч ким АКШнын санкцияларынан кача албайт", - деди америкалык расмий өкүлдөрдүн бири телеканалга берген маегинде.

Маалыматта Венесуэладагы кырдаал АКШнын саясатына таасирин тийгизип, миллиондогон жарандар ал өлкөдөн чыгып, көпчүлүгү Америка менен Мексиканын чек арасына келгендиги кошумчаланган. Ошондой эле Америка бийлиги бир нече жылдар бою Каракаска мыйзамсыз жолдор менен барып жатан миллиарддаган долларлардын агымын токтотууга аракет кылып жатканы айтылган. Мындан тышкары Федералдык өкмөттөгү экинчи ири тергөө органы болгон Улуттук коопсуздук департаментинин тергөөчүлөрү ондогон кымбат баалуу буюмдарды, анын ичинде Венесуэлага бара жаткан унааларды кармашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: