"Эмне кереги бар". Александр Лукашенко уюлдук телефону жок экенин айтты
Беларустун президенти Александр Лукашенко университеттин студенттери менен жолугушууда уюлдук телефон колдонбой турганын айтты. Бул тууралуу Беларустун БЕЛТА басылмасы жазды.
"Менде уюлдук телефон жок жана эч качан болгон эмес. Мунун көптөгөн себептери бар. Биринчиден, мага анын кереги жок. Мен чанда эле сүйлөшпөсөм, Коопсуздук кызматы мага жеткирип турат. Аларда мамлекеттик байланыштардын бардык телефондору бар. Керек болсо мага жеткиришет, мен сүйлөшөм”, - деген Беларусь лидери.
Анын айтымында, коопсуздукка байланыштуу уюлдук телефондон да баш тартат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:01
2025-07-20
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.