super.kg logo

Баткендеги айылда 18 жаштагы келин дайынсыз жоголду 

 

Кадамжай районунун 18 жаштагы Шарипжан кызы Хадича аттуу тургуну дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Баткен ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрь күнү Кадамжай районунун Айрыбаз айылынын 31 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, 2006-жылы туулган аялы Көн айылынан белгисиз тарапка кеткен боюнча дайыны жок болуп жаткандыгын айткан.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы, кашы-көзү кара түстө.

Кийген кийимдери: башында жоолук, үстүндө ак түстөгү көйнөк жана жеңи кыска узун камзир, бутунда ак түстөгү бут кийим.

Милиция Хадичанын жүргөн жери боюнча маалыматы бар жарандарды кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: (03655) 5-02-29 , 0776-85-10-10.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: