super.kg logo

Паралимпиада оюндардарынын тарыхында биринчи трансгендер мелдешке катышты 

 

Италиялык 50 жаштагы спортчу Валентина Петрилло Паралимпиада оюндардарынын тарыхында биринчи трансгендер адам болуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Петрилло мындан беш жыл мурда эркек жана эки баланын атасы болгон, тагыраагы, 2017-жылы гормоналдык өзгөрүүдөн улам жынысын өзгөртүүнү чечкен.

Италиялык жөө күлүк кечээ, 2-сентябрда 400 метр аралыкта көрүүсү начар аялдар менен мелдешке чыккан. Ал 58,35 секунд убакытта чуркап келип, жарым финалга жолдомо алды.

Белгилей кетсек, Жайкы Паралимпиада оюндары 28-августта башталган. Мелдештерге 182 өлкөдөн келген 4400 спортчу 22 спорттун түрү боюнча катышууда. Жалпысынан 549 медаль топтому ойнотулуп, иш-чара 8-сентябрда аяктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: