super.kg logo

Орусияда дагы бир жогорку даражалуу аскер адамы кармалды

 

Орусияда Ленинград аскер округунун командиринин материалдык-техникалык камсыздоо боюнча орун басары, генерал-майор Валерий Муминжанов кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Ал өзгөчө ири өлчөмдө пара алган деп шектелүүдө. Тергөөнүн версиясы боюнча, Муминжанов Коргоо министрлигинин ресурстук камсыздоо башкармалыгынын начальниги кызматын ээлеп турганда Куралдуу күчтөрдү кийим-кече менен камсыздоого жооптуу болуп, 1 жарым миллиард рублга формаларды алып келүү боюнча келишим түзүүгө көмөктөшкөн. Бул үчүн ал 20 миллион рублдан ашык акча алган.

Тергөөчүлөр аныктагандай, Муминжанов жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Москва менен Воронежде 120 миллион рублдан ашык кыймылсыз мүлкү бар. Алардын алынышынын мыйзамдуулугу текшерилүүдө.

Бул Орусияда жогорку даражалуу аскер кызматкерлеринин кармалышынын алгачкысы эмес. Буга чейин Сергей Шойгунун үч мурдагы орун басары кармалган: Дмитрий Булгаков коррупцияга айыпталууда, Тимур Иванов 1,2 миллиард рубль пара алганга шектелүүдө, Павел Попов алдамчылык боюнча айыпталууда.

Мындан тышкары бир нече жогорку даражалуу аскер кызматкерлери кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: