super.kg logo
  Саясат  

"Министр "Киркоровду укпасаңар келбей эле койгула!" дейт экен". Депутат Масалиев агынан жарылды (видео)

 

Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында "Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору күн тартибинен алынып салынды.

Аталган мыйзам Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген. Ага ылайык, ЖМКлар же социалдык тармак аркылуу бирөөгө жалаа жаап же аброюна шек келтиргендер үчүн айып пул салуу сунушталууда. Тагыраагы, жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салынат.

Мыйзам долбоору боюнча Юстиция министрлигинин өкүлдөрү баяндама жасамак, бирок жыйында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жасай турганы маалым болду. Ага депутат Исхак Масалиев каршы чыкты.

"Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү" боюнча маданият министри баяндамачы болмок беле? Мындай качан болчу эле, мен биринчи жолу угуп жатам?! Макул, министр "Киркоровду укпасаңар келбей эле койгула!" деп айтат экен. Ага мейли, эмоцияга алдырып сүйлөп коюптур. Бирок жумуш боюнча кичине так болуш керек да. Баяндамачы сөзсүз түрдө Юстиция министрлиги же жок дегенде Ички иштер министрлиги, же прокуратура болушу керек. Бирок эч качан Маданият министрлиги эмес", - деди Масалиев.

Ошондой эле ал мыйзам долбоорун күн тартибинен алууну, баяндамачыны алмаштырып, кийинки жыйынга Юстиция министрлигинин өкүлдөрүн чакыртууну сунуштады. Жыйынтыгында эл өкүлүн кесиптештери бир добуштан колдоп, аталган мыйзам долбоору күн тартибинен алынды.






Жогорку Кеңеш 03.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: