super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров репрессия курмандыктарын актоо тууралуу мыйзам долбоорун артка кайтарды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун артка кайтарды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

"Мыйзам долбоорунда документтин кабыл алынышына кошумча каражат талап кылынбайт деп жазылганы менен, Кыргызстандын аймагында 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандар үчүн моралдык кенемте жана ай сайын мамлекеттик кепилдик төлөмдөр төлөнүшү каралган.

Аталган категориядагы адамдарга ай сайын акчалай кенемте төлөөгө мамлекеттик бюджеттен жылына 77 миллион сом сарптоо керек болот. Репрессияланган жарандардын саны 18 миң адам. Булардын баары реабилитацияланчу болсо, алардын жубайларына, балдарына жыл сайын мамлекеттик кепилдик алкагында 345 миллион 800 миң сомдон ашуун каражат төлөнүшү керек. Бул мамлекеттик бюджеттин тартыштыгына алып келет. Изилдөө учурунда репрессияланган жарандардын саны өссө, төлөмдүн суммасы дагы көбөйөт. Быйылкы жана келерки эки жылдын пландалган бюджетинде бул үчүн каражат каралган эмес", - деп жазылган маалыматта.

Эскерте кетсек, аталган мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Анда 1918-1924-жылдардагы “кызыл террор” жана 1929-1953-жылдардагы сталиндик репрессия мезгилиндеги окуяларды түшүнүүгө, аларга саясий баа берүүгө убакыт келгени жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: