super.kg logo

Иранда бир жылдын ичинде 400дөн ашуун адам өлүм жазасына тартылды

 

Иранда быйыл 400дөн ашуун адам өлүм жазасына тартылды, алардын 15и аялдар. Август айында өлүм жазасына тартылгандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу ООН билдирди.

БУУнун эксперттери өлүм жазасына тартылгандардын санынын кескин көбөйүшүнө катуу тынчсызданып жатканын айтышууда.

Алынган маалыматка ылайык, август айында болгон 93 өлүм жазасынын бир бөлүгү гана Иран тарабынан расмий түрдө билдирилген.

Маалыматта август айында өлүм жазасына тартылгандардын көпчүлүгү баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн болгону айтылат.

"Баңги кылмыштары үчүн өлүм жазасына тартуу эл аралык стандарттарга каршы келет", - деп билдиришти эксперттер.

БУУ Иранды өлүм жазасын жоюу максатында ага мораторий киргизүүгө бир нече жолу чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: