super.kg logo

Иранда Али Хаменеинин постуна чекит белгисин койгон блогер 12 жылга камалды

 

Иранда блогер Твиттерде чекит белгисин калтырганы үчүн 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Iran International компаниясы соттолгон адамдын адвокатына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, оппозициялык блогер Хоссейн Шанбехзаде Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин постунун алдына бир гана чекит белгисин калтырганы үчүн 12 жылга эркинен ажыратылган. Ал Израилди жактаган пропаганда үчүн күнөөлүү деп табылган.

Чекиттерди жана башка жалгыз символдорду ирандык оппозиционерлер өлкөдөгү режим менен макул эместигин билдирүү үчүн көп колдонушат.

Шанбехзаде буга чейин социалдык тармактарда бийликти сындаганы үчүн абакка кесилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: