super.kg logo

Александр Емельяненко кайрадан реабилитациялык борборго түштү

 

Атактуу орусиялык мушкер Александр Емельяненко кайрадан реабилитациялык борборго жеткирилди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Емельяненконун карьерасын жакын арада калыбына келтирүү жөнүндө айткандарына карабастан, ал Ингушетиядагы "Иман" реабилитациялык борборуна жаткырылган.

Александр Емельяненко 2020-жылы мекендеши Магомед Исмаиловго жеңилгенден кийин ичкиликке берилип кетип, бир нече жолу реабилитациялык борборлордо дарыланып чыккан.

Ал бир жыл мурда ислам динин кабыл алган.

Эл аралык бокс ассоциациясынын башчысы Умар Кремлев эгер мушкер бир жылдын ичинде ичимдик ичпесе, ага батир берүүнү убада кылган.

43 жаштагы Емельяненконун эсебинде ММА боюнча 29 жеңиш, 10 жеңилүү жана 1 тең чыгуусу бар. Ал легендарлуу орус мушкери Федор Емельяненконун бир тууган иниси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: