super.kg logo
  Спорт  

Күрөш федерациясынын жетекчиси Мелис Турганбаев өз каалоосу менен кызматтан кетти

 

Күрөш федерациясынын жетекчиси Мелис Турганбаев Фейсбук социалдык баракчасы аркылуу ээлеген кызматынан кеткендиги тууралуу билдирүү жасады.

Ал өз билдирүүсүндө аталган кызматта 26 жыл жетекчи болуп аркалагандыгын жана жаштарга жол берүү керектигин жазган.

"Кыйын учурда эгемен өлкөбүздүн ар-намысын, күрөш дүйнөсүндөгү кадыр-баркын көтөрүүгө аракет кылдым. Мындан 26 жыл мурда кыргызстандык балбандарды башка өлкөлөр теңине албай келген болсо, биздин аракеттин натыйжасында, Кыргызстандын күрөш федерациясы өстүргөн балбандар Азия жана дүйнө чемпиондуктарында алтын, күмүш, коло байге утуп, тарых жаратуу менен учурда спорттук бийиктиктердин туу чокусуна жетип, дүйнөдө өзүнчө күрөш мектеби катары таанылды", - деп жазган Турганбаев.

Мындан тышкары ал өзү да ардагерлер арасында Дүйнө чемпиондуктарына катышып байгелүү орундарды ээлегендигин айтты.

"Өзүм да ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаттарына катышып, 2 коло, 1 алтын медаль утуп, дүйнө чемпиону аталдым. Машыктыруучуларга да, калыстарга да кесиптик деңгээлин өстүрүү үчүн камкордукка алып, эл аралык семинар-окууларга жиберип турдук. Демөөрчүлөр жана федерациянын демилгеси менен бир нече балбандарга батир, автоунаа, белек кылып, аларды жеңишке шыктандырып турдук", - деп кошумчалаган ал.

Эске салсак, ал Күрөш федерациясынын жетекчиси болуп 2021-жылы шайланган.

2021-жылдан бери - Азия күрөш кеңешинин UWW-Asia аткаруу комитетинин мүчөсү, UWW-Asiaнын Борбор Азия боюнча куратору.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: