Мурдагы депутат Абдалиев БШКнын мүчөсү болуп шайланды
Бүгүн, 5-сентябрдагы парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мейкинбек Абдалиевдин талапкерлиги Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө каралып, жактырылды.
Эске салсак, 19-августта Абдалиевдин өзү жазган арызынын негизинде БШК аны мандатынан ажыратканы белгилүү болгон. Ал VII чакырылышта "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясынан депутат болуп келген.
Белгилей кетсек, парламенттин кечээки жыйынында БШКнын мүчөсү Марс Наспековду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу маселеси каралып, депутаттар колдогон болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

