Кечээ түнү Бишкекте “Көпөлөк” аталышындагы рейд жүргүзүлдү (фоторепортаж)
Бишкек ШИИББге алып келинген сойкулар.


Бишкек ШИИББге алып келинген сойкулар.

Дарыгерлер сойкулардын ар биринен анализ алышты.

Анализ тапшырышууда.

Чүй проспектиси менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде колго түшкөн "мамаша" "менин боюмда бар, коё бергиле!" деп жерге оонап, чуу салды.

Ибраимов-Чүй кесилишинде колго түшкөн "мамаша" "менин боюмда бар, коё бергиле!" деп жерге оонап, чуу салды.

Киев-Абдырахманов көчөлөрүнөн кесилишине "посредник" алып келген сойку качып бараткан учурда ШИИББинин кызматкерлери кармап калышты.

Рейддин жүрүшүнөн.

Рейддин жүрүшүнөн.

Киев-Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишине сойкуларды алып келген "посредник" унаадан чыкпай койду.

Кармалган сойку өзү жөнүндө маалымат жазып берүүдө.
Кечээ, 26-декабрда Бишкек ШИИББи тарабынан “Көпөлөк” рейди жүргүзүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – "түнкү көпөлөктөрдүн" жана алардын кардарларын ВИЧ-инфекциясынан текшерүү болуп саналат.
Рейддин жүрүшүндө жыныстык кызмат көрсөткөн 4 жайдан 70тей сойку жана алардын кардарлары алынып келинди. Алар өздөрү тууралуу маалымат берип, ВИЧ-инфекциясы жана жыныстык жугуштуу оорулар боюнча анализ тапшырышты. Андан соң жанында паспорту барлары коё берилип, жоктору “приёмникте” калтырылды.
“Сойкулардын арасынан ВИЧ-инфекциясын жана жыныстык жугуштуу ооруларды жуктуруп алгандар катталса, алар диспансерлерде акысыз дарылана алышат”,- деп түшүндүрдү Бишкек ШИИББинин кызматкери Саламат Адылов.
26-декабрь түнү Бишкекте "Көпөлөк" аталышындагы рейд өттү (үнү жок)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
-2

