super.kg logo
  Саясат  

"Шалаакылык деп эсептейм". Депутат Миң-Куштагы кырсыкта жергиликтүү бийлик начар иштегенин айтты 

 

Жогорку Кеңештин 5-сентябрдагы жыйынында депутат Эмил Токтошев Жумгал районунун Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташыган оор жүк ташуучу унаа кырсыктаганын жана ал жердеги жергиликтүү бийлик жакшы иш алып барбаганын айтып чыкты.

"2-сентябрда Миң-Кушта уран калдыктарын ташыган оор жүк ташуучу унаа кырсыктады. Бул экинчи жолу кайталанып жатат. Биринчи кырсык 14-июнда болгон экен. Анда дагы түз жерден эле кирип кетиптир, мунусунда дагы түз жерден эле болгон. Бул деген өтө кооптуу нерсе. Жергиликтүү бийлик так иштеген эмес. Мен муну шалаакылык деп эсептейм. Ал жердеги элдин ден соолугу, тагдыры менен ойнобош керек. Атайын техника, атайын даярдалган айдоочулар катташ керек", - деди эл өкүлү.

Эске салсак, 2-сентябрда Туюк-Суу – Миң-Куш – Арал жолунда уран калдыктарын ташыган унаа кырсыктаганы маалым болгон.

Жерине ӨКМдин жана ИИМдин кызматкерлери барышкан. Ал эми унаа токтоп калган жерде текшерүү иштери жүргүзүлүп, калдыктар жерге төгүлбөгөндүгү жана эч кандай зыяндуулук жок экени аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: