super.kg logo

Ошто эки мыйзамсыз миграция уюштуруу фактысы аныкталды

 
Ош облусунун аймагында милиция 23-августтан тартып “Нелегал” аталыштагы ыкчам профилактикалык алдын алуу иш-чарасын өткөрдү. Бул туурасында бүгүн, 5-сентябрда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, кызматкерлер облус аймагына келген чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанда жүрүү тартибин текшеришкен.
"Иш-чаранын жүрүшүндө эки мыйзамсыз миграция уюштуруу фактысы аныкталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Рассалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча бир кылмыш иши козголду.
Аны менен катар 69 чет элдик жаран ички иштер органдарына алынып келинип, кол бармак издери алынып, профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 263 административдик протокол толтурулуп, 1 миллион сомдон ашык айып салынды", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: