super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров диний чөйрөгө таасир эте турган өзгөртүүлөр боюнча жыйын өткөрдү

 

Жогорку Кеңештин кароосуна “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциядагы макулдашылган долбоору киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мындай чечим бүгүн, 5-сентябрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты, башкы прокурор, ички иштер министринин орун басары, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы катышкан кеңешмеде кабыл алынды.

"Мамлекет башчысы аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда коомчулуктун бардык катмарларынын кызыкчылыгы эске алынышы керектигин айтып, айрыкча дин тармагындагы таанымал аалымдарды коомдук талкууга коюлган мыйзам долбооруна сунуштарды активдүү берүүгө чакырды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары президент мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугу маселеси көңүл борборунда болушуна диний ишмерлер жамаатташпай биримдикте иш алып баруусу керектигине көңүл бурду.

Жыйынтыгында бардык тараптардын пикирлерин эске алуу менен аталган мыйзамдын долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилмей болду.

Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия адамдардын өздүгүн тактоого жол бербеген кийимдерди кийүүгө тыюу салууну сунуштап, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү үчүн коомдук талкууга койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: