super.kg logo

Жо Байден дагы бир жолу Түштүк Кореяны Түндүк Корея менен чаташтырды

 

АКШнын президенти Жо Байден дагы бир жолу ката сүйлөп, Түндүк Кореяга бул өлкөдө компьютер чиптерин чыгаруу маселесин талкуулоо үчүн барганын айтты. Анын сүйлөгөн сөзүн америкалык телекомпаниялар көрсөтүштү.

"Мен бүткүл дүйнөнү кыдырдым. Түндүк Кореядан баштап, Түштүк Кореядан баштап башка өлкөлөргө компьютер чип заводдорун ачууну сүйлөшүү үчүн бардым", - деген Байден Висконсин штатында сүйлөп жатып.

Бул Байдендин Корея аралдарын биринчи жолу чаташтыруусу эмес. Буга чейин Байден Орусияга каршы санкцияны колдогон өлкөлөрдүн катарында Түштүк Кореянын ордуна Түндүк Кореяны атаган. Бирок чындыгында Түндүк Корея орус экономикасына чектөө киргизген эмес.

Бул Жо Байдендин эл алдына чыгуу учурунда ыңгайсыз кырдаалдарга биринчи жолу туш болгон учуру эмес. 81 жаштагы АКШ президенти буга чейин бир нече жолу вице-президент Камала Харристи президент деп атаган. Ошондой эле орус лидери Владимир Путиндин атын туура эмес айтып, Сирияны Ливия менен, Иракты Иран менен чаташтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: