super.kg logo
  Спорт  

Паралимпиада-2024: Дзюдо боюнча Маматибраим Суранов алгачкы беттеште утулуп калды 

 

Бүгүн, 6-сентябрда Кыргызстандын спортчусу Маматибраим Суранов Парижде өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында алгачкы беттеште жеңилип калды. Бул тууралуу маалымат сынактын сайтына жарыяланды.

Анда ал дзюдо боюнча 73 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Спортчу 1/16 финалда өзбекстандык атандашы Шохрух Мамедов менен кез келип, 1:10 эсебинде утулуп калды.

Белгилей кетсек, буга чейин Паралимпиада оюндардарында жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева жана триатлончу Айтунук Жоомарт кызы мелдешке чыгышкан. Ал эми 8-сентябрда Миргүл Болоталиева пауэрлифтинг боюнча оюн көрсөтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: