super.kg logo

Мушкер Конор Макгрегор Ирландиянын президенттигине талапкерлигин коймой болду

 

Атактуу UFC мушкери Конор Макгрегор Ирландияда боло турган президенттик шайлоодо талапкерлигин коё тургандыгын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Мен муну мурда да айткам, азыр дагы айтам, эмгекчил элдин байлыгын тоногондордон, алдамчылардан, чакан ишканаларды ээлеп алган жана башкалардан Ирландиянын эли үчүн жоопторду талап кылам!", - деп жазды мушкер.

Макгрегор президент болуп шайланып калса, керек болсо парламенттин төмөнкү палатасын таркатууну убада кылууда.

"Ирландияга элдин кызыкчылыгына толук берилген активдүү президент керек. Бул менмин. Мен жалгыз логикалык тандоомун. 2025-жылга аз калды", - деп кошумчалаган ал.

Ирландиянын азыркы президенти 83 жаштагы Майкл Хиггинс. Ал эки жолу шайлоодо жеңишке жетишкен: 2011 жана 2018-жылдары. Ирландиянын конституциясына ылайык, бир жаран эки мөөнөттөн ашык президент боло албайт. Ирландиядагы кийинки президенттик шайлоо 2025-жылы өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: