super.kg logo

Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков көз жумду

 

Кыргыз желегинин авторлорунун бири, сүрөтчү Бекбосун Жайчыбеков 76 жашында каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Маданият министрлигинен тастыкташты.

Маалымдалгандай, ал катуу ооруп жаткан. Министрлик маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-сентябрда саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөрүн билдирди.

Бекбосун Жайчыбеков 1948-жылы Ысык-Көл облусунун Корумду айылында туулган. Алматыдагы көркөм өнөр орто окуу жайын, кийин Москвадагы полиграфиялык институтту аяктаган. Ал бир топ жыл "Байчечекей" балдар журналынын көркөм редактору болуп эмгектенген.

Ал "Билим берүүнүн отличниги", "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамдарын алган. Ошондой эле көркөм өнөрдү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Даңк" медалы менен сыйланган.

SUPER.KG порталы анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: