Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болду




1-сентябрдан 7-сентябрга чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Бул жолугушуунун алкагында топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү.
Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды тактоо боюнча ишти улантат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүүнүн кырдаалында өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

