super.kg logo

Кыргызстанда ЖККУнун машыгуулары башталды

 

Балыкчыда командалык-штабдык "Өз ара аракеттенүү - 2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" атайын машыгууларына ЖККУ мамлекеттеринин 1500 аскери катышат. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда ӨКМден билдиришти.

Маалым болгондой, машыгууга 200 аскер техникасы, авиация жана деңиз кемелери тартылды.

Машыгуунун сценарийи боюнча аскерлер Борбордук Азия регионунда куралдуу жаңжалды басуу үчүн биргелешкен операцияны өткөрүшөт. Машыгуу үч этапта өтөт.

Иш-чаранын башталышында коргоо министри Бактыбек Бекболотов, ЖККУнун баш катчысынын орун басары Талаатбек Масадыков, ошондой эле ЖККУнун бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин эстелигине гүлчамбар коюшту.

"Окуу-машыгуу борборунун аймагында машыгуунун катышуучуларынын иштөөсү, жашоосу, тамактануусу жана күнүмдүк ишмердигин уюштуруу үчүн аскер шаарчасынын инфраструктурасынын бардык элементтери, ошондой эле машыгуу учурунда аскерлердин практикалык аракеттери үчүн бардык шарттар түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: