super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Чүйдөгү бир катар объектилерден кабар алды

 

Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу кечээ, 7-сентябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Жээк айыл аймагындагы Биринчи май айылында капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жаткан декадалык жөнгө салуу бассейн менен таанышты. Учурда иштин 65 пайызы бүткөрүлдү.

Андан кийин Жапаров Боз-Бармак айылындагы 90 орунга ылайыкталган башталгыч мектепке барды.

Ошондой эле ал балдардын билим алуусу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, айыл жерлеринде мектеп инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары Жапаров жумуш сапарынын алкагында оңдоо иштери жүргүзүлгөн Интернационал — Жар-Башы унаа жолунун абалы менен таанышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: