Вьетнамда тайфундан 4 адам каза болуп, 80ге жакыны жарадар болду (видео)
Кечээ, 7-сентябрда Вьетнамда орун алган "Яги" тайфунунан төрт адам каза болуп, 80ге жакыны жарадар болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Өлкөнүн түндүгүн акыркы 10 жылдагы эң күчтүү супертайфун "Яги" каптады. Деңизде бороон болуп, кемелерди оодарган. Бактыга жараша, туристтик кемеде эч ким болгон эмес.
Такталгандай, Хайфондо электр мамы кулап түшкөн. Анда жыйырмадан ашык бак-дарактар түбү менен жулунган. Куангнин провинциясында көптөгөн үйлөрдүн чатырлары жулунган. Баш калаа Ханойдо, ошондой эле жакынкы провинцияларда 17 электр көмөкчордондору жабыркаган.
Вьетнам "Яги" тайфуну
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-18

12:14
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.