super.kg logo
  Саясат  

Президент Садыр Жапаров Астанага барды (сүрөт)

 

Бүгүн, 8-сентябрда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астана шаарына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мамлекет башчысынын борту Казакстандын баш калаасындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эл аралык аэропортто килем төшөлүп, баатырлар тизилди.

Эске салсак, иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: