super.kg logo

КВНдин негиздөөчүсү Александр Масляков 82 жашында көз жумду

 

Легендарлуу КВНдин негиздөөчүсү, алып баруучусу Александр Масляков 82 жашында каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда орус басылмалары жазып чыгышты.

КВНдин негиздөөчүсү 1964-жылдан бери легендарлуу программаны жетектеп келген. "Теффи" жана көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси Александр Васильевич СССРдин жана Орусия телевидениесинин жүзү болгон.

Масляков эки жыл рак оорусу менен күрөшкөн. Ал бул илдетке 2022-жылы Ковид оорусунан кийин чалдыккан. Алгач дарыгерлер өпкөсүндө шишик бар экенин аныктап, андан кийин анын залалдуу экенин тастыкташты. 8 ай мурун дарыгерлер мындан ары дарылоо жардам бербейт деп айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: