super.kg logo

Токаев Көчмөндөр оюндары үчүн кыргыз элине ыраазычылыгын айтты

 

Коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана шаарында башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында сөз сүйлөп жатып бул оюндар үчүн кыргыз элине ыраазычылыгын айтты.

Токаев көчмөндөр оюндары – бул баа жеткис мурастарды жаш муундарга өткөрүп берүү үчүн жаралган өзгөчө долбоор экенин баса белгиледи.

"Мындан 10 жыл мурун биринчи жолу бул мелдештерди уюштурган кыргыз боордошторубузга ыраазычылык билдиребиз. Бул улуттук спорттун түрлөрү боюнча дүйнөдөгү эң чоң мелдештер, көчмөндөрдүн олимпиадасы десек болот.

Бул оюндар көчмөндөр цивилизациясын дүйнөлүк деңгээлде жайылтат. Спорт – бул өз ара урматтоонун жана тилектештиктин символу. Спорттун негизги миссиясы – элдердин достугун чыңдоо", - деди Токаев.

Кыргызстан Көчмөндөр оюндарынын негиздөөчүсү. Эң алгач бул оюндар 2014-жылы Чолпон-Атада өткөн. 2016 жана 2018-жылдары кайрадан Кыргызстанда, ал эми 2022-жылы Түркияда өткөн. 2026-жылы Өзбекстанда өтө турган болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: