super.kg logo
  Саясат  

Депутат Э.Жумалиева: "Алимент төлөөчүлөрдүн жоопкерчилиги күчөтүлөт"

 
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесине  сунушталып жаткан өзгөртүүгө ылайык «беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка» деген жери «үч эсе айыпка» деп алмаштырылат. Муну менен эгерде алимент төлөөдөн качкан ата-энелер боло турган болсо, алардын өсүп кеткен карызынын өлчөмүн үч эселеп кайтарып алуу сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, демилгечи депутаттардын бири Элмира Жумалиева “үч эселенген айыптын бир бөлүгү мамлекеттин эсебинде кала турган болсо, ал эми калган эки бөлүгү алимент алууга муктаж болгон балдардын пайдасына жумшалат” деп билдирген.
Депутаттын айтымында, Үй-бүлө кодексине да кошумчаланып жаткан толуктоолор бар. Анда "жашы жете элек балдарга алимент төлөөчү адамдын арызынын негизинде алименттерди кармап калуу, эгерде мындай арыздын жана аткаруучу документтин негизинде кармап калуунун жалпы суммасы алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын иштеп тапканынын же башка кирешесинин 50 пайызынан ашкан учурда алиментти кармоо да жүргүзүлүшү мүмкүн. Бирок маянанын 70 пайыздан ашык эмес өлчөмүн" деп белгиленген. Ошондой эле эгерде алимент төлөөчү тарап оор дартка кабылган болсо же ал иштеген уюм иштебей, банкрот болуп жоюлуп кетүүгө туш болсо кандай жеңилдиктер карала тургандыгы да мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолордо аныкталган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: