Украинанын дрондору Румынияга кирип кетип, истребителдер көтөрүлдү
Кечээ, 8-сентябрда эртең менен Украина тараптан учуп келген учкучсуз учуучу аппараттар Румыниянын аба мейкиндигин бузду. Бул тууралуу Румыниянын Коргоо министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.
"Мындан улам түнкү саат 02:25тен баштап Румыниянын Аскердик аба күчтөрүнүн эки F-16 истребители Борседеги 86-аба базасынан учуп чыкты", - деп белгилейт аскердик ведомство.
Румыниянын Коргоо министрлиги истребителдер абадагы абалды көзөмөлдөп, саат 04:08де базага кайтып келгенин белгиледи.
Дрондор Румыниянын аба мейкиндигине кирип, кайра Украина тарапка учуп кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-18

12:14
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.