super.kg logo

Түркия дагы 21 террорчу жок кылынганын маалымдады

 

Түркиянын коопсуздук күчтөрү Сирия жана Иракта бир катар ийгиликтүү антитеррордук операцияларды өткөрүп, жыйынтыгында 21 террорчу жок кылынганын жарыялады.

Маалыматка караганда, Сириянын түндүк аймактары "Евфрат калканы" жана "Зайтун бутагында" 15 PKK/YPG террорчулары жок кылынды. Ал эми Ирактын түндүгүндөгү Кандил аймагында Күрдистан жумушчу партиясынына (PKK) мүчө 1 террорист, Авашин аймагында дагы 5 террорист "нейтралдаштырылды".

Түркиянын Коргоо министрлиги террорчулар үчүн эч кандай кутулуу жок экенин, Түрк куралдуу күчтөрү чечкиндүүлүк жана өжөрлүк менен күрөшүн уланта турганын баса белгиледи.

Соңку үч айдан бери Сирия жана Иракта PKKнын жогорку даражалуу мүчөлөрүнө жана ага тиешелүү уюмдарга каршы операциялар жүргүзүлүүдө. Нейтралдаштырылгандардын арасында үгүт иштерине, жардыруучу түзүлүштөрдү жасоого жана чабуулдарды пландаштырууга жооптуулар бар.

Коргоо министрлиги 1-сентябрда Ирак жана Сириянын түндүгүндө жүргүзгөн операцияларында 17 террорчуну "нейтралдаштырганын" билдирген.

Түрк өкмөтүнүн отчётторунда көп колдонулган "нейтралдаштырылган" термини сөз болгон "террористтердин" багынып бергенин, өлгөнүн же колго түшкөнүн билдирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: