Өзбекстан Паралимпиада оюндарында дагы 13-орунду ээледи
Өзбекстандын спортчулары 28-августтан 8-сентябрга чейин Париж шаарында өткөн XVII Жайкы Паралимпиада оюндарында 10 алтын, 9 күмүш, 7 коло медаль утту.
Муну менен коңшу өлкө жалпы командалык эсепте 13-орунду ээледи. Ал эми Азия континентинен Кытай менен Япониядан кийинки үчүнчү орду алса, Борбордук Азия чөлкөмүндө лидер аталды.
Эске салсак, Өзбекстандын спорчулары Парижде өткөн Олимпиадада 8 алтын, 2 күмүш жана 3 коло байге утуп, 13-орунга жайгашкан болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-18

12:14
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.