super.kg logo
  Саясат  

 Эдил Байсалов баштаган Кыргыз делегациясы Тажикстанга барды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган делегация тажик тараптын чакыруусу боюнча Худжанд шаарына Тажикстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өтүүчү салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн барды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, иш сапардын алкагында Эдил Байсалов менен Тажикстандын вице-премьер-министри Зиезода Сулаймон Ризойдун жолугушуусу болду.

Байсалов президент Садыр Жапаровдун атынан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго салам жана куттуктоо сөздөрүн жеткирип, тажик мамлекетине жана элине бакубатчылык, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүү маселелерин карашты. Алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн аякташы менен эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү бардык багытта өнүгөт деген ишенимин билдиришти.

Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары эки эл байыртадан бери ынтымакта жашап келгенин белгилешип, Кыргызстан менен Тажикстандын кызматташтыгы мындан ары да кыргыз-тажик элдеринин көп кылымдык достугунун негизинде өнүгө берээрине тилектештигин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: