super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров кореялык компанияларды инвестиция салууга чакырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түштүк Кореяда Кёнсан-Пукто провинциясынын губернатору Ли Чоль У менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров кореялык компанияларды энергетика, кайра жаралуучу энергиянын булактары, тоо-кен өндүрүшү, инфраструктура жана туризм сыяктуу экономиканын негизги тармактарына инвестиция салууга чакырды. Ал ошондой эле стратегиялык тармактарда биргелешкен ишканаларды түзүүнү жана студенттер үчүн окуу программаларын кеңейтүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Ли Чоль У эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө жана эки өлкө үчүн артыкчылыктуу тармактар боюнча тажрыйба алмашууга даярдыгын билдирди. Тактап айтканда, инвестициялык жана туризм тармагындагы активдештирилген кызматташтыкты илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Өзгөчө студенттер үчүн окуу программаларына жана айыл чарбасында “акылдуу технологияларды” киргизүүгө көңүл бурду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: