super.kg logo
  Спорт  

Париждеги Паралимпиада жыйынтыкталып, Кытай лидерликти камсыздады

 

Парижде XVII Жайкы Паралимпиада оюндарынын жабылыш аземи болду. “Стад де Франс” стадионуна 168 делегациядан дээрлик 4 жарым миң спортчу чогулган.

Маалымдалгандай, уюштуруучулар салтанаттуу иш-чарага 24 француз музыканттарын чакырышкан.

Паралимпиададагы медалдардын саны боюнча Кытай лидерликти эч кимге берген эмес. Алар 94 алтын алган. Ал эми Улуу Британия экинчи орунду ээлесе, үчүнчү орунду АКШ камсыздады.

Паралимпиадалык мелдештерге билеттерди сатуу бардык рекорддорду жаңылады: дээрлик 2,5 миллион билет сатылды, анын 90 пайыздан ашыгын жергиликтүү эл түзгөн.

Белгилей кетсек, Жайкы Паралимпиада оюндары 28-августта старт алган. Мелдештерге 182 өлкөдөн келген 4 миң 400 спортчу 22 спорттун түрү боюнча катышты. Ал эми Кыргызстандын атынан төрт спортчу барып, өлкө намысын коргогон. Жалпысынан 549 медаль топтому ойнотулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: