super.kg logo

Рак илдетине чалдыккан Кейт Миддлтон билдирүү таратты  

 

Рак илдетине чалдыккан Уэльс ханбийкеси Кейт Миддлтон тогуз ай оору менен алп урушуп, химиотерапияны аяктаганын жарыялады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Кейт өз билдирүүсүндө “акыры химиотерапияны бүтүрүү кандай жеңилдик экенин сөз менен жеткире албайм” деп калтырган.

Уэльс ханбийкеси оорунун кайра кайталанышына жол бербөө үчүн бардыгын жасап жатканын кошумчалаган. Ошондой эле химиотерапия аяктаганы менен толук айыгуунун жолу узакка созула тургандыгын белгилеген.

Белгилей кетсек, Кейт Миддлтон рак илдетине чалдыккандан кийин алгачкы жолу июнь айынын ортосунда эл алдына чыккан. Анда ханбийке королдук үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү менен парадга катышкан. Экинчи ирет июль айында спорттук мелдешке кызы Шарлотта менен келип, катышып кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: