super.kg logo
  Спорт  

Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан алгачкы күндү 11 медаль менен жыйынтыктады

 

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алгачкы күнүн Кыргызстандын курамасы 11 медаль менен жыйынтыктады.

Көчмөндөр оюндарынын сайтындагы маалыматка ылайык, үч алтын, беш күмүш, үч коло медаль кыргыз курамасынын капчыгында.

Оюндардын алгачкы күнү далба ойнотуу, аттын үстүндө жаа атуу, көк бөрү, көкпар (жер улак), тогуз коргоол, чүкө оюну, таяк тартыш, күрөш, казак күрөшү жана эр эңиш боюнча мелдештер өткөн.

Ошондой эле Кыргызстандын көкпар боюнча курамасы монголиялыктарды жеңип, көк бөрүчүлөрү Өзбекстандын курамасын 12:6 эсебинде артка таштады.

Белгилей кетсек, 8-13-сентябрда Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп, ага 89 өлкөдөн 2 миңден ашык спортчу катышууда. Ага Кыргызстандан 183 спортчу барды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: