super.kg logo

Александр Масляков артына кандай мурас калтырганы белгилүү болду

 

Легендарлуу КВН алып баруучусу Александр Масляков кымбат баалуу мүлккө жана люкс класстагы унааларга ээ болгон. Бул тууралуу SHOT Телеграм каналы жазды.

Маалыматка ылайык, анын үй-бүлөсү олуттуу мүлккө, анын ичинде кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө жана автоунааларга ээ. Ошондой эле КВН менен байланышкан бир нече компанияларды башкарат.

Масляков өзү жубайы менен Жуковка деген престиждүү райондо жайгашкан аянты 654 чарчы метр болгон хан сарайда жашаган. Бассейн, сауна, спорт зал жана бир нече уктоочу бөлмөлөрдү камтыган үй 2019-жылы 390 миллион рублга сатылып алынган. Бүгүнкү күндө анын баасы 600 миллион рублга бааланат.

Масляковдун ошондой эле Москванын чок ортосундагы престиждүү райондордо эки батири болгон. Ал кымбат баалуу Maybach унаасы менен жүрчү.

Александр Масляков 8-сентябрь күнү кечинде 82 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Алып баруучу өпкө рагы менен жабыркап келгени, дарыгерлер мындан 8 ай мурун дарылоо мүмкүн эместигин айтканы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: