super.kg logo

Орусия репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо маселесин кайра карап чыгат

 

Орусиянын башкы прокурору Игорь Краснов саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча айрым чечимдерди кайра кароо боюнча буйруктун долбоорун даярдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, демилге Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин тарабынан үстүбүздөгү жылдын июнь айында киргизилген Саясий репрессиянын курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясына жакында киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу.

Буйруктун долбооруна ылайык, оор кылмыштарга, аскердик кылмыштарга жана адамзатка каршы кылмыштарга күнөөлүү адамдарды реабилитациялоо боюнча чечимдерди аныктоо жана жокко чыгаруу боюнча иштерди туруктуу негизде уюштуруу пландалууда.

Документте “нацисттик кызматташтарды жана Мекенге чыккынчылык кылгандарды актоого жол бербестен, тарыхый адилеттүүлүктү жана саясий репрессиянын курмандыктарынын укуктарын калыбына келтирүү” зарылчылыгы баса белгиленет.

Чет элдик жарандарды реабилитациялоо боюнча чечимдерди жокко чыгаруу тууралуу маалымат Орусиянын Тышкы иштер министрлиги аркылуу башка өлкөлөрдүн бийликтерине берилет. Буйрук долбоорунда ошондой эле орусиялык ЖМКлар прокуратуранын ишин «тарыхый чындыкты коргоону камсыздоонун конституциялык принцибинин негизинде» чагылдыруусу сунушталат.

Буйруктун кабыл алынышына саясий репрессиянын курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу концепциясын өзгөртүү себеп болгон. Орус өкмөтү ушул жылдын 20-июнунда саясий репрессиянын курмандыктарынын концепциясын өзгөрттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: