super.kg logo

Германия чек ара көзөмөлүн киргизет 

 

Германия өкмөтү 16-сентябрдан тарта өлкөнүн бардык кургактык чек араларында убактылуу чек ара көзөмөлүн киргизе турганын жарыялады. Алты айга эсептелген бул чара мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жана калкты экстремизмден коргоого багытталган.

"Биз ички коопсуздукту чыңдайбыз жана мыйзамсыз миграцияга каршы катаал чараларды көрүүнү улантабыз", - деди Германиянын ички иштер министри Нэнси Фезер.

Чечим коомдук тынчсыздануу күчөгөндүктөн жана жакында Золингенде башпаанек издеген адамдын өлүм менен коштолгон кол салуусунан улам кабыл алынды. Кол салуунун натыйжасында үч адам каза болуп, сегизи жарадар болгон, алардын бешөө оор абалда.

Германиянын өкмөтү оппозициядагы ХДС партиясы менен миграцияны кыскартуу чаралары боюнча кеңешип жатат.

Германиянын кургактык чек араларынын узундугу 3700 чакырымдан ашат, тогуз өлкө менен чектешет: Дания, Нидерланды, Бельгия, Люксембург, Франция, Швейцария, Австрия, Чехия жана Польша.

Белгилей кетсек, былтыр Германия башпаанек сурап кайрылгандардын саны кескин көбөйгөндүктөн Польша, Чехия жана Швейцария менен чек араларында көзөмөлдү күчөткөн.

Саксония менен Тюрингияда өткөн аймактык шайлоодо ашынган оңчул "Германия үчүн альтернатива" (AfD) партиясы болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишти. Ал партиянын шайлоо программасынын негизги пункттары миграцияга каршы катаал риторика жана миграция саясатын катаалдаштыруу чакырыктары болгон.

Партия мигранттардын санынын көбөйүшү менен кылмыштуулуктун өсүшүнүн ортосунда түз байланыш идеясын активдүү кубаттап, чет элдиктердин өлкөгө кирүү жана жүрүү эрежелерин катаалдаштыруу зарылдыгын талап кылды. Бул позиция ушул федералдык штаттардагы шайлоочулардын олуттуу бөлүгүндө резонанс жараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: