super.kg logo
  Саясат  

Министрлер кабинети окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитти

 

Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитти. Мекемеден тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун билдиришти.

Документ “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга жана өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Министрлер кабинетинин 2024-жылга иш-чаралар планына ылайык иштелип чыккан.

"Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча) 2025-жылга жана андан кийинки жылдарга жергиликтүү бюджетти түзүүдө мүмкүнчүлүгүнө жараша жалпы билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, ошондой эле оор турмуштук кырдаалда студенттердин тамактануусун колдоого акча каражаттарын караштыруу тапшырылды.

Билим берүү жана илим министрлигине 2025-жылдын аягына чейин коомдук тамактануу тармагында кесиптик билими жок жалпы билим берүү уюмдарынын тамак-аш тармагындагы кызматкерлерин сертификациялоо, мектептеги тамактанууну уюштуруу боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин квалификациясын системалуу түрдө өркүндөтүү тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мамлекеттик мектептердеги башталгыч класттардын окуучуларынын тамагына республикалык бюджеттен бир балага күнүнө 7 сом, ал эми тоолуу аймактарда 10 сом бөлүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: