super.kg logo

Ат-Башыдагы 1 миллиард сомдук жер мамлекетке кайтарылды (фото)

 

Ат-Башы районундагы болжолдуу баасы 1 миллиард сомдон ашык болгон 161 гектарга жакын жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Ошол эле учурда Жер жана суу көзөмөлдөө кызматы тарабынан белгиленген имараттарды жана курулуштарды курууда жер кыртышынын асыл катмарына зыян келтиргендиги үчүн участканын ээси 1 миллион 175 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөгөн.

УКМК жердин болжолдуу баасын 1 миллиард 24 миллион сомго баалады.

Буга чейин УКМК Нарын облусунун Ат-Башы районундагы токой чарбасынын "Чар" участогунан 2007-жылы 160,9 гектар жерди мыйзамсыз алган облустук администрациянын башчысынын мурдагы орун басары - Нарын облусунун губернатору А.И. кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Ошондой эле анын жанындагы 0,9120 га өлчөмүндөгү жер тилкесин да уруксатсыз ээлеп алуу фактылары аныкталып, анда туризм чөйрөсүндө коммерциялык максатта пайдаланылуучу имараттар жана курулмалар (мейманкана, кафе-бар, ашкана, сауна жана башка) эч кандай уруксат берүүчү документтери жок курулгандыгы такталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: