super.kg logo
  Спорт  

Көчмөндөр оюндары: Өлкө капчыгына кимдер медаль алып келишти? (тизме)

 

Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз курамасы 3 алтын, 7 күмүш, 4 коло медаль алып, командалык эсепте 2-орунда келе жатат.

Спорт департаментинин маалыматына ылайык, таяк тартыш боюнча Уланбек Турганбаев (65 килограмм) менен Эльза Абдыкадырова (55 килограмм) алтын, Бекмурза Токтошев (70 килограмм) менен Элдос Айтбаев (80 кг) күмүш байге жеңди.

Өзбек күрөшүнөн (кураш) Бекболот Токтогонов (+100 кг) алтын, Ажар Исаева (70 кг) коло байгеге ээ болду. Казак күрөшүнөн Кемал Оболбеков (55 кг) менен Луиза Асакеева (48кг) күмүш, Байбол Саламат уулу (66 кг) коло байге тагынды.

Эр эңиште Жекшенбек Турдубеков (60 кг) менен Райкан Бактыгул уулу (70 кг) күмүш, Калыбек Бусурманкул уулу (80 кг) коло байгеге ээ болду. Салттуу жаа атуу боюнча Асел Садырова күмүш, Искак Токонов коло медаль тагынды.

Белгилей кетсек, 8-сентябрда башталган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 13-сентябрга чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: