super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү келишти

 

Беларусь, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын парламенттеринин өкүлдөрү Бишкекке келишти. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын (ПА) кеңешине караштуу ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин төрагаларынын Координациялык кеңешмесинин жыйыны болот.

Ага чейин Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюшту.

Эртең Координациялык кеңешменин мүчөлөрү Балыкчы шаарында өтүүчү ЖККУнун "Өз ара аракеттенүү - 2024" биргелешкен командалык штабдык машыгуусуна байкоочу катары катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: