Көчмөндөр оюндары: Өлкөнүн жер улак боюнча командасы финалга чыкты
Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз курамасы Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жер улактан финалга чыкты.
Жарым финалдык оюнда кыргыз улакчылары түркиялыктар менен кез келип, 15:1 эсебинде жеңишке жетти.
Кечээ "Б" тайпасында өлкө курамасы Монголияны 16:0 эсебинде утса, Түркия Венгрияны 1:0 айырмачылыгы менен жеңип алган.
Ал эми "А" тайпасындагы жарым финалдык беттеш эртең, 11-сентябрда Казакстан менен Орусиянын ортосунда болот. Эрежеге ылайык, уткан команда 12-сентябрь күнү Кыргызстан менен финалда кез келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.