super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров “Ынтымак Ордодо” Беларустун элчисинен ишеним грамоталарын кабыл алды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда Беларустун Кыргызстандагы элчиси Сергей Молуновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Сергей Молуновду кызматка дайындалышы менен куттуктап, ал Президенттик администрациянын жаңы имараты – “Ынтымак Ордодо” ишеним грамоталарын расмий тапшыруу сыймыгына ээ болгон биринчи элчи экенин айтты.

Жапаров жалпысынан акыркы мезгилде Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу мамилелер кыйла активдешкенин, жакшы өнөктөштүк жана достук мамилелер түзүлгөнүн баса белгиледи. Мамлекет башчысы Кыргызстандын саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири өнөр жай секторун өнүктүрүү экенин айтып, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Элчи Сергей Молунов Садыр Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-беларусь кызматташтыгын кеңейтүү үчүн өзүнүн болгон аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Элчи ошондой эле Кыргызстан менен Беларустун ортосунда активдүү өнүгүп жаткан соода-экономикалык мамилелерди белгилеп, Беларусь тарап Кыргызстан менен тоо-кен өнөр жайы, энергетика жана транзиттик тармак сыяктуу маселелер боюнча ар тараптуу билим жана тажрыйба алмашууга даяр экендигин белгиледи.

Сүйлөшүүнүн аягында президент Жапаров элчи Молуновго дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: