super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды 

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэни ишеним грамоталарын тапшыруу аземине катышканына байланыштуу кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров эки өлкөнүн мындан 32 жыл мурда түзүлгөн дипломатиялык мамилелери элдердин достук салттарына, руханий жана маданий жакындыгына, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтык принциптерине негизделгенин белгиледи.

Өз кезегинде Ким Кванджэ корей тарап эки өлкөнүн өз ара аракеттенүү потенциалын кеңейтүү үчүн алдыңкы тажрыйба жана заманбап технологиялар менен бөлүшүүгө даяр экендигин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: