super.kg logo
  Саясат  

Депутат электросамокат, мопеддердин катышуусунда кырсыктар көп катталып жатканын айтты

 

Электросамокаттар, мопеддердин катышуусунда кырсыктар көп катталып жатат. Бул тууралуу депутат Бактыбек Сыдыков бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Эл өкүлү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Жоробековго кайрылып, андан самокат, мопед, скутер тепкендерди жөнгө салуу эрежелери боюнча сурады.

"Алты ай мурун Марлен Абдрахмановичтин демилгеси менен мыйзам чыгарып, ага президент Садыр Жапаров кол коюп ишке ашырылган. Бүгүнкү күнгө чейин эрежеңер жок. Жол кыймылынын эрежелерине кошо элексиңер. Качан бүтүрөсүңөр?" деди депутат.

"Жогорку Кеңеш 24-апрелде бул мыйзамды кабыл алып берди. Президент 11-июлда мыйзамга кол койгон. Ошол мөөнөттөн баштап мыйзамды ишке киргизүү боюнча жергиликтүү бийлик, тиешелүү министрликтер менен нускамаларды иштеп жатабыз. Азыр жумуш жүрүүдө. Декабрдын аягына чейин толук инструкцияларды иштеп чыгабыз", - деп жооп берди Жоробеков.






Депутат скутерлер боюнча

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: